Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер жөнүндө

2023-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында консулдук багытта иш жүргүзүү боюнча дипломатиялык өкүлчүлүк Канцеляриялар менен биргеликте кыргызстандыктардын катышуусунда окуя болгон жерлерге 45тен ашык сапарларды ишке ашырылды. Ал жерлерде Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын жетекчилиги/өкүлдөрү менен жолугушуулар жүргүзүлдү.

Элчиликтин жардамы менен Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан кармалган 15 кыргызстандык жоопкерчиликтен бошотулду (же чаралар жеңилдетилди), ал эми оор турмуштук жагдайга туш болгон 6 жаран мекенге кайтарылды.

Кыргыз Республикасынын 3 жаранына карата Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгаруу жөнүндө соттун чечимдерин, 2 жаранга карата Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүнүн туура эместиги жөнүндө Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын чечимдерин жокко чыгаруу маселеси оң жагына чечилип, 2 мекендешке карата жогоруда чечимдердин аракеттери токтотулду. Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 1549 жаранына юридикалык жардам көрсөтүлдү, ошондой эле Россия Федерациясынын сот органдарына сот актыларына апелляциялык (кассациялык) даттанууларды жана башка кайрылууларды даярдоодо 19 кыргызстандыкка жардам көрсөтүлдү. Элчиликтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарына карата жүргүзүлгөн 15 соттук отурумга катышты.

2023-жылдын март айында Хакасия Республикасынын, Саха (Якутия), Камчатка крайынын, Воронеж жана Иваново облустарынын кылмыш-аткаруу тутумунун мекемелерине баруу боюнча 23 соттолгон кыргызстандыктар менен жеке жолугушуулар өткөрүлдү.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында Хакасия Республикасында, Камчатка аймагында жана Самара облусунда жашаган 200дөн ашык Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик кызматтар көрсөтүлдү.

Элчилик ведомстволор менен бирдикте Россия Федерациясынын аймагында каза болгон 15 Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүгө консулдук-укуктук жардам көрсөттү.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында кыргыз диаспора бирикмелеринин активисттери менен 18 жолугушуу өткөрүлдү, ишеним телефондору жана социалдык тармактар аркылуу 8981 адам консультация алып, чат-бот аркылуу 1404 жаран керектүү маалыматка ээ болду, Элчиликтин расмий сайтына 11 маалыматтык билдирүү жарыяланды. 

2023-жылдын март айында Элчилик Канцеляриялар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо жана документтештирүү жаатында 12 530 консулдук кызматтарды жана иш-чараларды көрсөттү.

Дипломатиялык өкүлчүлүк Россия Федерациясынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталган ишин улантат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK