Президент Садыр Жапаров Анкара шаарында Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын инаугурациясына ардактуу конок катары катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге бүгүн, 3-июнда, Анкара шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен түрк лидеринин кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу аземине ардактуу конок катары катышты.

Салтанаттуу иш-чара 2023-жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында жер титирөөдөн каза болгондорду бир мүнөттүк үн катпай эскерүү менен башталып, андан соң өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырды.

Түркия Республикасынын шайланган Президенти Режеп Тайып Эрдоган инаугурациялык сөз сүйлөдү.

Андан кийин бардык жогорку даражалуу коноктор үчүн Түркия Президентинин атынан расмий кабыл алуу иш-чарасы болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK