Президент Садыр Жапаров Эл аралык Астана форумуна катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн “Астана” Конгресс-борборуна келди.

Иш-чара саламдашуу аземи жана Форумга Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен келген өлкө лидерлерин жана делегация башчыларын биргелешип сүрөткө түшүрүү менен башталды.

Форум тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүүсү маселелерине арналган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK