КР ТИМдин 2023-жылдын 1-июлуна карата маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2023-жылдын 1-июлунда массалык маалымат каражаттарында “АКШда жол кырсыгынан кыргызстандык каза болду” деген темасындагы жарыяланган маалыматка байланыштуу төмөнкүнү билдирет.

Учурда бул маселе боюнча КРнын АКШдагы Элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун сөөгүн шейшемби күнү жакын туугандарынын коштоосунда жөнөтүү пландалууда.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жеке көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK