КРдин Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиев Дания Королдугунун КРдеги жаңы дайындалган Элчиси Я.Хеннингсенди Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшыруусуна байланыштуу кабыл алды

2023-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Москва шаарындагы резиденциясы менен Дания Королдугунун Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Элчиси Якоб Хеннингсен мырзаны Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшыруусуна байланыштуу кабыл алды.

Министрдин орун басары Элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоо максатында биргеликте жигердүү иш алып барууга ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун күн тартибинде турган кийинки маселелерге токтолушту: саясий диалогду жана парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү. Тактап айтканда, жогорку деңгээлдеги сапарларды жана ТИМдер аралык консультацияларды уюштуруунун үстүндө иштөө сунушталды. Тараптар ошондой эле Европа Бирлигинин алкагында жана БУУнун платформаларында мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда министрдин орун басары А.Молдогазиев Элчи Я.Хеннингсенге Кыргыз Республикасындагы ишине ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK