КРдин Тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаев Иран Ислам Республикасынын КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.Х.Ядегарини ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырганына байланыштуу кабыл алды

2023-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Голам Хоссейн Ядегарини ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырганына байланыштуу кабыл алды.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев Ирандын Элчиси Г.Х. Ядегарини Ирандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. А. Артыкбаев соода-экономикалык кызматташтыкты, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун жана мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле А. Артыкбаев, 2023-жылдын 4-июлунда ШКУнун Саммитинин алкагында ыйгарылган Иран Ислам Республикасынын ШКУнун толук кандуу мүчөсү статусун алышы менен Элчини куттуктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен иштерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK