Самара облусундагы КРдин жарандары үчүн маалыматтык билдирүү

Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жана туруктуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, өз убагында документтештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2023-жылдын 14-16-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россия Федерациясынын  Самара облусунун Самара шаарында жеринде консулдук кызмат көрсөтөт.

Жарандарды кабыл алуу: Самара шаары, Калинин көчөсү, 1а, 4-кабат, «Манас Ата» кыргыз диаспортунун кеңсеси дареги боюнча өткөрүлөт.

Элчилик бул маалыматты Самара облусунда жүргөн мекендештер арасында таратууну жарандардардан өтүнөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK