КРдин РФтеги Элчилигинин Консулдук бөлүмү тарабынан 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата аткарылган иштер тууралуу

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги консулдук чөйрөдөгү төмөнкү маселелерди алгылыктуу иштеп чыкты:

  • Россия тарап чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын миграциялык каттоого алуу тартибине жеңилдетүүнү киргизди;

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 28-апрелинде Россия Федерациясынын № 156-ФЗ “Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоо жөнүндө” Федералдык мыйзамынын 20 жана 22-статьяларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Федералдык Мыйзамы кабыл алынган. Бул мыйзам чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү порталы аркылуу же турак жайды ижарага берүү келишимин берүү жолу менен алардын жашаган жери жөнүндө миграциялык каттоо органына өз алдынча билдирүү укугун берген учурлардын тизмесин кеңейтүү максатында иштелип чыккан (бул учурда ээсинин макулдугу талап кылынбайт).

  • Москванын аймагында чет өлкөлүк жарандардын башкаларга коркунуч туудурган жугуштуу оорулардын бар-жоктугуна кошумча (тереңдетилген) текшерүүдөн өтүүсү үчүн төлөм жокко чыгарылды;
  • Москвадагы «Көп функционалдуу миграциялык борбор» мамлекеттик бюджеттик мекемесинин аймагында жүргүзүлүүчү медициналык изилдөөлөрдүн тизмеси кеңейтилди.

Дипломатиялык өкүлчүлүк адам укуктары боюнча иш-чаралардын алкагында ведомстволор менен бирдикте төмөнкүдөй иштерди жүргүздү:

  • Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына 232 жолу баруу ишке ашырылды;
  • 367 кыргызстандык административдик жоопкерчиликтен бошотулду (же чаралар жеңилдетилди);
  • Турмуштук оор кырдаалга кабылган Кыргыз Республикасынын 54 жараны, анын ичинде Мариуполь шаарынан мекенине кайтарылды;
  • Судан Республикасынан 6 мекендешибизди эвакуациялоого жардам көрсөтүлдү;
  • Россиянын аймагында мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган жашы жете элек 9 Кыргыз Республикасынын жараны мекенине кайтарылды;
  • Элчиликтин кайрылууларынын негизинде Кыргыз Республикасынын 29 жараны кайрымдуулук фонддорунан материалдык жардам алышкан;
  • Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын Кыргыз Республикасынын 21 жаранына карата Россияда жүрүүнүн туура эместиги жөнүндө чечимдери жокко чыгарылды, ал эми 2 жаранга карата бул чечимдердин аракети токтотулду;
  • Кыргыз Республикасынын 11 жаранын кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүлдү;
  • 228 жаранга сот актыларына апелляциялык (кассациялык) даттанууларды жана Россия Федерациясынын сот органдарына башка өтүнүчтөрдү түзүүгө көмөк көрсөтүлдү;
  • 7384 кыргызстандыкка юридикалык жардам көрсөтүлдү;
  • 39 соттук отурумга катышты;
  • россиялык уюмдан кыргызстандык юридикалык жактын алдындагы 433 000 рубль өлчөмүндөгү карызды өндүрүүгө көмөк көрсөтүлдү;
  • Москва, Красноярск, Нижневартовск, Южно-Сахалинск, Санкт-Петербург, Сургут, Волгоград, Оренбург жана Смоленск облустарындагы СИЗОдо камалган 63 мекендештерге барып, жолугушту;
  • Бурятия, Хакасия, Саха Республикасы (Якутия), ХМАО-Югра, Камчатка, Забайкалье, Красноярск аймактары (Красноярск жана Норильск), Волгоград, Иркутск, Смоленск, Киров, Воронеж, Иваново, Сахалин, Калуга жана Нижний Новгород областтарынын жаза-аткаруу тутумундагы мекемелеринде жазаларын өтөп жаткан 153 кыргызстандыкка барып, жолугушту;
  • Бурятия, Хакасия, Татарстан, Ингушетия, Камчатка, Забайкалье, Краснодар, Хабаровск, Красноярск аймактарында (Норильск, Талнах жана Дудинка), Ростов, Амур, Калининград, Нижний Новгород жана Мурманск областтарындагы 545 Кыргыз Республикасынын жаранына консулдук кызматтар көрсөтүлдү;
  • каза болгон 49 мекендешибиздин сөөгүн мекенине алып келүүгө консулдук юридикалык жардам көрсөттү.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында кыргыз диаспора бирикмелеринин активисттери менен 90 жолугушуу өткөрүлдү, Ишеним телефондору жана социалдык түйүндөр аркылуу 54 363 адам консультация алган, Чат-боттун жардамы менен 7909 жаран керектүү маалыматтарды алышкан, элчиликтин сайтында 63 маалыматтык билдирүү жарыяланган.

Элчилик ведомстволор менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын документтештирүү жана коргоо боюнча 65 221 консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү жана иш-аракеттерди көрсөттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK