Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери кезектеги ишембиликке чыгышты

2024-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жамааты айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча кезектеги ишембиликке катышты. Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери Эркиндик бульварынын Абдымомунов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүн, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин имаратынын айланасын иретке келтиришти.

Ишембиликтин алкагында арык тутумдары тазаланып, таштандылар анын ичинде желим жана турмуш-тиричилик калдыктары чогултулуп, зыянкечтерден коргоо максатында бак-дарактардын түптөрү акталды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2024-жылдын 23-мартынан 11-майына чейин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” жарлыгынын жана 2023-2025-жылдарга карата тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планынын алкагында болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK