Брюсселде Кыргызстан менен ЕБ ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюу аземи өттү

Бүгүн, 25-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бельгия Королдугуна иш сапарынын алкагында Брюссель шаарында Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи өттү.

Президент Садыр Жапаровдун жана Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелдин катышуусунда документке Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Европа Бирлигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү – Европа Комиссиясынын Вице-Президенти Жозеп Боррель, Европа Комиссиясынын Аткаруучу Вице-Президенти Валдис Домбровскис кол коюшту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK