Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Э.Б.Абдылдаевдин Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин Аткаруучу директору М.Хармс менен жолугушуусу

2021-жылдын 19-февралында Берлинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Э.Абдылдаев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин Аткаруучу директору М.Хармс менен жолугушту, анда Германиянын ушул таасирдүү экономикалык уюму менен 2021-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кыргыз тараптын өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакынкы аралыкта коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал толугу менен турукташат деп үмүттөнүштү. Буга байланыштуу, ушул жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну жандандырууга багытталган
иш-чараларды уюштуруу боюнча биргелешкен пландар белгиленди.

Ошондой эле, Элчи Э.Абдылдаев 2021-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда Европа Бирлиги-Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумун өткөрүү пландары жөнүндө маалымат берип, ага Германиянын ишкер чөйрөлөрүн активдүү катышууга чакырды.

Маалымат үчүн: Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети - Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Германиядагы

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK