2019-жылдын 28-майында Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын тийиштүү тышкы саясий ведомстволорунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин деңгээлинде кыргыз-түркмөн ТИМдер аралык консультациялардын кезектеги раунду болуп өттү

2019-жылдын 28-майында Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын тийиштүү тышкы саясий ведомстволорунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин деңгээлинде кыргыз-түркмөн ТИМдер аралык консультациялардын кезектеги раунду болуп өттү.

 Консультациялардын жүрүшүндө тараптар тышкы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдүн учурдагы абалын жана эки тараптуу кызматташуунун келечегин, эл аралык уюмдардын алкагында эки өлкөнун өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты, ошондой эле жогорку жана эң жогорку денгээлдеги пландаштырылган жолугушууларды уюштуруу жана парламенттер аралык байланыштарды жандандыруу тууралуу пикир алмашты. Регионалдык кызматташуу маселелери боюнча үзүрлүү диалог болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү соода-экономикалык, транспорттук байланыштары, анын ичинде жүк ташуу жана авиа каттамы, эки тараптын ишкер топторунун катышуусу менен бизнес форумдарды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү, визалык тарифтерди унификациялоо, билим берүү жаатында кызматташууну жандандыруу жана өз ара Маданият күндөрүн уюштуруу суроолоруна өзгөчө көңүл бурушту.

Тараптар 2019-жылдын күз мезгилинде Кыргыз Республикасында өткөрүүгө пдандаштырылган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйынынын мазмундук болумун биргеликте иштеп чыгууну баштоого макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK