Хамура шаарында «Курманжан Датка» көркөм тасма көрсөтүүсү өттү

2022-жылы 30-июнда Хамура шаарында Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилигинин көмөгү менен Токионун Хамура шаарында «Курманжан Датка» көркөм тасма көрсөтүүсү өттү. Иш-чара Кыргызстан Хамура достук тобу тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага Хамура шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Хамура шаарынын жана Кыргызстандын достук жана ак ниет ыктыярдуу элчиси Мита Ре мырза, Элчиликтин достору, ошондой эле Кыргызстанга кызыгуу көрсөткөн Хамура шаарынын тургундары катышты.

Элчи М.Арстанбаев өз сөзүндө катышуучуларды Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Кыргызстан жана кыргыз элинин көп кылымдык тарыхы менен тааныштырып кетти.

Көрсөтүүнүн аягында, Элчи М. Арстанбаев катышуучуларды кызыккан суроолорго жооп берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK