Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата жогорку деңгээлдеги онлайн-иш-чара болуп өттү

 

Беларустун БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн жана БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БЗКБ) демилгеси менен, 2020-жылдын 30-июлунда Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата жогорку деңгээлдеги онлайн-иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага БУУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, БУУнун БЗКБ, БУУнун Аялдары, жарандык коомдун өкүлдөрү жана БУУнун БЗКБ Жакшы ниет Элчиси, актриса Мира Сорвино катышты.

Бул иш-чара, айрыкча, COVID - 19 пандемия учурунда адам сатуу көйгөйүнө көңүл бурууга багытталган.

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоизаева өз сөзүндө, COVID-19 пандемиясынын адам сатууга каршы күрөшүү жана анын курмандыктарын коргоо көйгөйлөрүнө таасирин тийгизип, күчөтүп жаткандыгын - чек аралардын жабылышына, кыймылга чектөөлөрдүн, социалдык жана мамлекеттик кызматтардын кыскаруусуна байланыштуу - адам сатуудан жабыр тарткандардын жардам табуу мүмкүнчүлүгү дагы азаят деп белгиледи. Дүйнө жүзүндө адам сатуудан жабыр тарткандардын үчтөн бир бөлүгү балдар экендиги белгиленди жана бул абдан коркунучтуу сан. Ошондой эле, COVID-19 пандемиясынын кесепетинен, эмгек мигранттары көздөгөн өлкөлөргө камалышкандыгына, социалдык коргоого, саламаттыкты сактоого, тамак-ашка жана турак-жайга акчасы жоктугуна байланыштуу адам сатуудан жабыр тарткандардын болуп калуу мүмкүнчүлүгүн арттырганына көңүл бурулду.

Миргүл Молдоисаева адам сатууга каршы күрөштөгү кемчиликтерди жана жаңы тенденцияларды, айрыкча, COVID-19 пандемиясынын шарттарын талдоо зарылдыгын белгилеп, мамлекеттердин, БУУ тутумунун жана жарандык коомдун мындан аркы биргелешкен иш-аракеттерин күчөтүү адам сатууну ийгиликтүү жоюунун негизи боло тургандыгына ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK