Германиянын тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия боюнча жаңы дайындалган Ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг мырза менен жолукту жана жолугушуу алкагында кыргыз-герман кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды

2021-жылдын 14-июлунда Германиянын тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия боюнча жаңы дайындалган Ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг мырза менен жолукту жана жолугушуу алкагында кыргыз-герман кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Эки мамлекет ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык, финансы-техникалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо, анын иченде ар деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштуруу, тышкы иштер министрликтердин ортосундагы кезектеги консультацияларын уюштуруу жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташуу талкууланды.  Андан тышкары Германиянын тышкы иштер министрлигинин “Жашыл Борбор Азия” демилгесин ишке ашыруу тууралуу сөх болду.

Элчи Эрлан Абдылдаев Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берип, герман тарап Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү анын ичинде коронавирус илдетине каршы көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK