Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына карата практикалык семинар болуп өттү

2023-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги Астана Дипломатиялык клубунун алдындагы Дипломатиялык мектептин, ошондой эле М.С.Нарикбаев атындагы КАЗГЮУ университетинин профессордук курамынын көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына карата практикалык семинар болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Дюшекеев «Конституциянын туруктуулугу жана анын элдин биримдигин жана бакубат турмушун чыңдоодогу мааниси» аттуу темада лекция окуду, ошондой эле, КАЗГЮУ университетинин профессору Ж.Калышева Кыргызстан менен Казакстандын Конституцияларынын жоболорун жана нормаларын салыштырып талдоо менен презентация жасады.

Маалымат үчүн: Астана дипломатиялык клубунун алдындагы Дипломатиялык мектеп 2010-жылы эл аралык мамилелер тармагында компетенттүү жаш адистерди даярдоо максатында түзүлгөн. Долбоор ишке ашырылгандан бери 2000ден ашык адам окутулду. 50дөн ашык өлкөнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери жана эл аралык уюмдардын жетекчилери Лекцияларын окушат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK