Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Сардар Азхар Тарик Хан менен жолугушту

2021-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Сардар Азхар Тарик Хан менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун кеңир чөйрөсүн, анын ичинде саясий байланыштарды андан ары жандандыруу жана активдештирүү үчүн тышкы иштер министрликтери менен эки мамлекеттин жетекчилигинин ортосундагы иш сапарларды уюштурууну талкуулашты.

Министрликтер аралык кезектеги консультацияларды, ошондой эле соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын үзгүлтүксүз өткөрүү маселеси сүйлөшүлдү. Мындан тышкары, Кыргызстандын ачык деңизге чыгуу үчүн Пакистандын Карачи жана Гвадар портторун пайдалануу келечегин жана «CASA-1000» долбоорун илгерилетүү маселесин талкуулашты.

Пакистандын элчиси С.А.Тарик Хан министрдин орун басары А.Артыкбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK