Элчи Ч.Эшимбеков Катар Инвестиция Башкармалыгынын (QIA) Башкы аткаруучу директору Мансур бин Ибрахим Аль-Махмуд мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү

2020-жылдын 6-январында Доха шаарында, кыргыз тарабынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Инвестиция Башкармалыгынын (QIA) Башкы аткаруучу директору Мансур бин Ибрахим Аль-Махмуд мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү.

Катар Инвестиция Башкармалыгы - мамлекеттик инвестициялык институт жана дүйнөлүк ири көз карандысыз байгерчилик фонддордун катарына кирет. Негизги инвестициялары Европа, АКШ жана Азия-Тынч океан регионунун өлкөлөрүндө жүзөгө ашырылат.

Аталган жолугушууда, инвестиция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды. Элчи Ч.Эшимбеков Кыргызстандын инвестициялык потенциалы боюнча маалымат берип, өз ара аракеттенүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды сунуштады. Тараптар келечектүү жана өз ара пайдалуу долбоорлордун үстүнөн иштөө боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK