Элчиси Динара Кемелованын адам ресурстарын ɵнʏктʏрʏʏ Кызматынын Президенти Ким Донг Ман менен жолугушуусу болду

2020-жылдын 13-февралында Корея Республикасында Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелованын адам ресурстарын ɵнʏктʏрʏʏ Кызматынын (Human Resources Development Service of Korea) Президенти Ким Донг Ман менен жолугушуусу болду.

Жолугушуу учурунда Кыргызстандын эмгек мигранттарынын укугун коргоп жумушка иштɵɵгɵ уруксат бере турган (EPS) системасы тууралуу суроолур талкууланды. Элчилик Кыргызстандын жарандары ʏчʏн эмгек контрактарын кɵбɵйтʏʏгɵ жардам берʏʏсʏн суранды.

Ɵз кезегинде HRDнын Президенти Ким Донг Ман Тʏштʏк Кореянын кичине жана орто ишканалары ɵлкɵдɵгʏ экономикалык абалга жараша чет ɵлкɵлʏк жумушчуларды жалдоону кыскартышканын кабарлады.

Элчи Кыргызстандын жарандарынын эмгек потенциалы жɵнʏндɵ айтып берди. Жумушка иштɵɵ ʏчʏн уруксат берʏʏ системасы адам ресурстарын ɵнʏктʏрʏʏгɵ, тажрыйбы жана билим алмашууга жана аларды келечекте Кыргызстанда колдонууга жардам берерин айтты.

Тараптар эмгек контрактарын кɵбɵйтʏʏнʏ жана Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы жумуштарды улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK