КРнын Швейцария Конфедерациясындагы Элчиси/Женева шаарындагы БУУнун Бөлүмүнүн жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргызстандын Туруктуу өкүлү Д.Мукашевдин Швейцария Конфедерациясынын Федералдык тышкы иштер министрлигинин Европа, БА, Европа кеңеши жана ЕККУ департаментинин башчысы Элчи А.Ифковиц айым менен телефондук сүйлөшүүсү болуп өттү

2020-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчиси/Женева шаарындагы БУУнун Бөлүмүнүн жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргызстандын Туруктуу өкүлү Д.Мукашевдин Швейцария Конфедерациясынын Федералдык тышкы иштер министрлигинин Европа, Борбордук Азия, Европа кеңеши жана ЕККУ департаментинин башчысы Элчи Анна Ифковиц айым менен телефондук сүйлөшүүсү болуп өттү. Сүйлөшүү кыргыз тарабынын демилгеси менен, COVID-19 пандемиясына байланыштуу жеке жолугушууларды өткөрүүгө болгон чектөөлөрдү эске алуу менен өткөрүлдү.

Кыргызстандын Элчиси учурдагы биздин өлкөдөгү ички саясий жана экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасы толугу менен укуктук нукка кайрылгандыгын жана бардык мамлекеттик органдар, башка уюмдар жана мекемелер кадимки режимде иштеп жаткандыгын белгиледи. Мындан тышкары, Д.Мукашев Кыргызстан мурунку өзүнө алган эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагындагы эл аралык милдеттенмелерин толугу менен аткарууга даяр экендигин баса белгиледи. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө швейцариялык тарапка Кыргызстандагы учурдагы кырдаалды турукташтырууга жана алдыда белгиленген парламенттик жана президентик шайлоолорду өткөрүүгө жардам көрсөтүү суранычы узатылды.

Элчи Д.Мукашев COVID-19 менен күрөшүүгө Швейцария тараптан Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн атайын ыраачылык билдирип, мындай гуманитардык жардам биздин өлкөдөгү эпидемиянын мүмкүн болчу экинчи толкунуна байланыштуу улантыла бере тургандыгына жана андар ары күчөтүлүшүнө өз үмүтүн билдирди.

Өз кезегинде, Элчи Анна Ифковиц Швейцария учурда Кыргызстандагы кырдаалдын өрчүшүн жана өлкөдө болуп жаткан саясий өзгөрүүлөрдү кылдаттык менен байкап жаткандыгын билдирип, учурдагы бийлик адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо системасын камтыган чыныгы демократиялык мамлекетти курууга шарттарды түзөөрүнө үмүттөндү. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасында бүтүндөй кыргыз коомчулугунун кызыкчылыктары менен үмүттөрүн чагылдырган чынчыл жана адилеттүү шайлоо процесстерин ишке ашыруу үчүн бардык керектүү шарттарды түзүү өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.       

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду жана соода-экономикалык жана техникалык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен аракеттерди мындан ары улантууга макулдашты.     

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK