Элчи Э.Бейшембиев Гвадар шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Балуч Навид жана Пакистандын Сенатынын (Парламентинин) мүчөсү Бабар Кауд менен жолугушту

2020-жылдын 18-ноябрында Гвадарда болгон жумушчу сапарынын алкагында Элчи Э.Бейшембиев Гвадар шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Балуч Навид жана Пакистандын Сенатынын (Парламентинин) мүчөсү Бабар Кауд менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, кызматташуунун келечектүү багыттары белгиленди, Соода-өнөр жай палатасынын Президенти кыргыз товарларын Африка жана Чыгыш өлкөлөрүнө Гвадар порту аркылуу экспорттоону сунуш кылды.

Ошондой эле Элчи Э.Бейшембиев Гвадар шаарынын портунун иши менен таанышты. Катышуучулар Пакистанда 2021-жылынын жаз айларында, Орто Азиянын өлкөлөрүнүн Пакистан жана Афганистандын бизнес коомчулугунун катышуусунда бизнес саммитин өткөрүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK