Элчи Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетиндеги мекендештердин Кеңешмесинин мүчөлөрү менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө, мекендештерге актуалдуу болгон маселелер боюнча пикир алмашуу болду

2019-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетиндеги мекендештердин Кеңешмесинин мүчөлөрү менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө, мекендештерге актуалдуу болгон маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Андан тышкары, алдыдагы календардык иш-чаралар планы жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын августунда болуп өткөн чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча Кеңешменин биринчи отурумунун алкагында берген тапшырмаларын аткаруу жолдору талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK