Элчи Кайрат Осмоналиев Бакуда өткөн Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин туризм министрлеринин 11-конференциясына катышты

2022-жылы 27-29-июндарда Элчи Кайрат Осмоналиев Баку шаарында өткөн Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин туризм министрлеринин 11-конференциясына катышты.

Ага 39 өлкөдөн 160тан ашык өкүл катышып, анын ичинде ИКУнун башкы катчысы өз сөзүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн туристтик байланыштарын кеңейтүү ислам тилектештигине салым кошуп жатканын белгиледи.

Элчи К.Осмоналиев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу маалымат берди жана чет элдик компаниялардын өкүлдөрүн өлкөбүзгө келүүгө чакырды.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча Туризмди өнүктүрүү боюнча резолюция жана Баку декларациясы кабыл алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK