Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин Мамлекеттик катчысынын орун басары Андраш Барани менен жолугушту

2019-жылдын 4-сентябрында Будапешт шаарында резиденциясы Вена шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин Мамлекеттик катчысынын орун басары Андраш Барани менен жолугуп, саясий, экономика жана билим берүү чөйрөсүндөгү эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын 2018-жылы Кыргыз Республикасына жана 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Венгрияга болгон расмий иш-сапарларынын жыйынтыктары боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Венгрияга боло турган расмий иш-сапарын даярдоо маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2019-жылдын 23-24-сентябрында Бишкек шаарында боло турган соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйынын жана кыргыз-венгер бизнес форумун даярдоону жана өткөрүүнү  талкуулашты.

Ошол эле күнү Элчи Б.Джусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин Экономикалык кызматташтык боюнча департаментинин, Венгриянын экспортун илгерилетүү боюнча агентствосунун жана Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен жолугуп, алар менен  пландаштырылган өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны жана бизнес форумду даярдоо жана өткөрүү жөнүндө  сүйлөштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK