Резиденциясы Анкара шаарында жайгашкан Кыргызстандын Израильдеги Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израильдин Президенти Ицхак Герцогго Ишеним грамоталарын тапшырды

2022-жылдын 7-апрелинде Резиденциясы Түркия Республикасынын Анкара шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Израиль Мамлекетининдеги Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израиль Мамлекетинин Президенти Ицхак Герцогго Ишеним грамоталарын тапшырды.

Тапшыруу аземинин башында Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, оркестрдин аткаруусунда Кыргызстандын гимни ойнотулду.

Президент И.Херцог Элчи К.Өмүралиевди ыйык Рамазан айынын башталышы, Кыргыз Республикасы менен Израиль Мамлекетинин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, юбилейлик датага карата Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровго даректелген куттуктоо катын тапшырды.

Элчи К.Өмүралиевди Израильдеги дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Президент И.Герцог Кыргызстан менен Израильдин ортосундагы достук мамилелер мындан ары да чыңдалып, кеңейерине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Элчи К.Өмүралиев куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн айыл чарба, туризм, билим берүү, илим ж.б бардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуусуна өзгөчө маани берерин белгиледи.

Элчи К.Өмүралиев эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн практикалык кадамы катары туризм, кош салык салуудан качуу, инвестицияны коргоо жана эркин соода тармагында келишимдерге кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Маалымат катары: Кубанычбек Өмүралиев 2019-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган. 2019-жылдын 26-апрелинде Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга Ишеним грамотасын тапшырган. 2021-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, резиденциясы Түркия Республикасынын Анкара шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Израиль Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK