Инчхон эл аралык аэропортунда Кыргызстандын Кореядагы Элчиси Аида Исмаилова Кореяга сезондук айыл чарба жумуштарына келген КРнын 62 жаранын тосуп алды

2022-жылдын 21-июнунда Инчхон эл аралык аэропортунда Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Кореяга сезондук айыл чарба жумуштарына келген Кыргыз Республикасынын 62 жаранын, Ош облусунун Өзгөн районунун тургундарын тосуп алды. Корей тараптан жарандардын жолугушуусуна Хамъянг шаарынын алмашуу жана кызматташуу департаментинин өкүлдөрү катышты.

Элчи мекендештер менен саламдашып, аларга ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи жарандарга келген өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин, атап айтканда виза режимин сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымдады. Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелер боюнча көмөк көрсөтүүгө жана жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасында ишке орноштуруу боюнча активдүү ишин улантууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK