Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын ТИМинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана ЭКУ департаментинин Башкы директору Шах Файсал Какар менен жолугушту

2022-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) департаментинин Башкы директору Шах Файсал Какар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана, алардын ичинде, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштуруу, 2022-жылы соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле башка биргелешкен иш-чараларды уюштурууну талкуулашты. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Элчиси У.Тотуяев эки тараптуу саясий байланыштарды активдештирүүнү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Ш.Ф.Какар мырза эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди тереңдетүүгө жана активдештирүүгө даяр экенин ырастап, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK