Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия, Түштүк Кавказ, Чыгыш Европа жана Россия өлкөлөрү менен эки тараптуу саясий кызматташтык боюнча Башкы дирекциясынын Башкы директору Гөкхан Туран менен жолугушту

2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия, Түштүк Кавказ, Чыгыш Европа жана Россия өлкөлөрү менен эки тараптуу саясий кызматташтык боюнча Башкы дирекциясынын Башкы директору Гөкхан Туран менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө дипломаттар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелерин, анын ичинде 2023-жылы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, Соода-экономикалык өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү жана эки тараптуу Кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун түзүү пландарын талкуулашты.

Элчи Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылоону караган Саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну тез арада жандандыруунун кыргыз тарап үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле эки мамлекеттин борборлору – Бишкек жана Анкара боордош шаарларынын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK