Пекин шаарында "BMW" компаниясы тарабынан уюштурулган дипломатиялык корпустун арасында жыл сайын өтүүчү эл аралык футбол турнири өткѳрүлдү
2019-жылдын 24-августунда Пекин шаарында "BMW" компаниясы тарабынан уюштурулган дипломатиялык корпустун арасында жыл сайын өтүүчү эл аралык футбол турнири өткѳрүлдү. Бул спорттук иш-чарага Азия, Африка, Түштүк жана Түндүк Америка, Европа, Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыш элчиликтеринин, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана уюштуруучулар курама командалары катышышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстандын элчилигинин дипломаты капитан болгон Азия курама командасы, футбол турнирдин күмүш байгесине ээ болду.
Бул турнир 2017-жылдан баштап Пекин шаарында жыл сайын өткөрүлүп, Кытайда аккредиттелген чет мамлекеттердин элчиликтери ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.