Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Борбордук Азиядагы Америка Университетинин президенти Э.Качинс менен жолугушту

2019-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Борбордук Азиядагы Америка Университетинин президенти Э.Качинс менен жолугушуу өткөрдү.

Элчи Б.Отунбаев Э.Качинсти Борбордук Азиядагы Америка Университетинин президенти болуп дайындалышы менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады. Э.Качинс заманбап дүйнөлүк шарттарга жооп берүүчү мыкты билим берүү стандарттары боюнча пландарын андан ары өнүктүрүү үчүн билим берүү программасы менен бөлүштү.

Элчи Б.Отунбаев Борбордук Азиядагы Америка Университетитинин биздин өлкөдө американын билим берүүсүнүн мыкты салттарында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган ишин жогору баалады.

Элчиси Б.Отунбаев жана президент Э.Качинс коом, мамлекеттик кызмат жана экономика тармактарын санариптештирүү боюнча суроо-талапка ээ болгон жогорку технологиялуу кесиптерди өздөштүрүүгө багытталган Инновациялык колледждин ачылганын белгилешти.

Тараптар Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн АКШ окуу программаларынын мамлекеттик органдар менен кызматташуусун жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн түзүү тууралуу талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK