Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Н.Абдрахманов Стамбул провинциясынын Губернаторунун эл-аралык мамилелер боюнча орун басары Өзлем Бозкурт айым жана коопсуздук маселелер боюнча орун басары Мехмет Али Өзийгит мырза менен жолугушуу өткөрдү

2021-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Н.Абдрахманов Стамбул провинциясынын Губернаторунун эл-аралык мамилелер боюнча орун басары Өзлем Бозкурт айым жана коопсуздук маселелер боюнча орун басары Мехмет Али Өзийгит мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Аталган жолугушууларда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди андан ары өнүктүрүү, анын ичинде КРнын жарандарынын Түркияда жүрүү маселелерин жана маданий – гуманитардык кызматташуу боюнча пикир алмашышты жана талкуулашты.  Ошондой эле дем алыш күндөрү Түркияда болгон чектөөлөрдү эске алып, 2021-жылдын 11-апрелинде Референдумда жарандар өз добушун берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча макулдашышты.

Жыйынтыгында, Башкы консулдук менен  Стамбул провинциясынын Губернаторунун Аппаратынын ортосунда тыгыз өз ара аракеттенүү жөнүндө макудашуу жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK