Кыргыз Республикасынын жана РФ Свердлов облусундагы, Кыргыз Республикасынын аймагында өдүрүлгөн буюмдарды ташуу менен алектенип жаткан транспорттук компаниялардын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун консулу Алымбеков Нурландын, Заманбап контейнерлер терминалы - «CIN-Терминал» Акционердик Коомунун Башкаруучусу Денисов Валерий Алексеевич менен жолугушуусу болуп өттү

2020-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын жана РФ Свердлов облусундагы, Кыргыз Республикасынын аймагында өдүрүлгөн буюмдарды ташуу менен алектенип жаткан транспорттук компаниялардын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун консулу Алымбеков Нурландын, Заманбап контейнерлер терминалы - «CIN-Терминал» Акционердик Коомунун Башкаруучусу Денисов Валерий Алексеевич менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшундө Кыргыз Республикасынын айыл-чарба азыктарынын жана Свердлов облусунун кардарлар ичинде кеңири колдонулуучу товарларынын өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда тикелей байланыштарды өнүктүрүү, жүктөрдү тариздөө, коопсуздугун камсыздоо жана аларды Екатеринбург шаарынын ири соода борборлоруна жеткирүү жөнүндө маектешүү болду. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн азыктарды/товарларды кабыл алуу жана таратуу үчүн атайын борбор уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Консул Н. Алымбеков жолугушуунун жүрүшүндө, Екатеринбург шаарынын ири соода борборлорунун жана Кыргыз Республикасынын өндүрүүчүлөрүнүн жана алардын азыктарын/товарларын ташуу менен алектенген транспорттук компаниялардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурууну сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK