Кыргыз Республикасынын Исламабаддагы Элчилигинин жардамы менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков федералдык министр даражасындагы Пакистан Ислам Республикасынын Премьер -министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Моид Юсуф менен жолугушту

2021-жылдын 21 октябрында Кыргыз Республикасынын Исламабаддагы Элчилигинин жардамы менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков федералдык министр даражасындагы Пакистан Ислам Республикасынын Премьер -министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Моид Юсуф менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Афганстандагы жана анын айланасындагы кырдаалды, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Эки тарап тең Афганстандагы кырдаалды эртерээк турукташтыруунун маанилүүлүгүн жана регионалдык коопсуздукту камсыздоо үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK