Элазыг шаарына болгон иш-сапарынын алкагында Элчи Кубанычбек Өмүралиев облустун губернатору Омер Тораман жана шаардын мэри Шахин Шерифогуллары менен жолугушту

2022-жылдын 13-майында Элазыг шаарына болгон иш-сапарынын алкагында Элчи Кубанычбек Өмүралиев облустун губернатору Омер Тораман жана шаардын мэри Шахин Шерифогуллары менен жолугушту.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, атап айтканда, аймактык деңгээлде кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү, тыгыз кызматташтыкты түзүү жана тажрыйба алмашуу алкагында тараптар Элазыг менен Кыргызстандын шаарларынын бири ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жана жергиликтүү бийлик жетекчилеринин, бизнес чөйрөлөрүнүн, маданий жана илимий чейрөлөрдүн ишмерлеринин өз ара иш сапарларын уюштурууну макулдашты.

Жолугушуунун соңунда Элчи Өмүралиев жергиликтүү бийлик жетекчилерине Кыргызстандын жарандарынын ыңгайлуу жүрүшүнө максималдуу көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK