Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Пакистан Тышкы Иштер аялдар бирикмеси дипломатиялык миссиялар менен бирге Исламабадда жыл сайын уюштурулган кайрымдуулук жарманкесине катышты

Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Пакистан Тышкы Иштер аялдар бирикмеси дипломатиялык миссиялар менен бирге б.ж. 24 ноябрьда Исламабадда жыл сайын уюштурулган кайрымдуулук жарманкесине катышты.

Бул иш-чарага Пакистандын биринчи айымы Самина Алви, өкмөттүн өкүлдөрү, жалпы коомчулук жана маалымат каражаттары катышты.

Концерт программанын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Элчилиги элдердин парадына катышып, улуттук бийин бийлеп берди.

Боз үйгө окшоштуруп кооздолгон «Кыргызстан» павильонунда, коноктор Кыргызстандын кол өнөрчүлүк буюмдары, Кыргызстандын туристтик жана инвестициялуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалыматы жана буклеттери менен танышышты, улуттук тамактарын жана суусундуктарын даамын көрүштүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK