КР ТИМинин 2023-жылдын 29-августуна карата маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда таркаган Россия Федерациясынын Москва облусунун Электросталь шаарындагы “Фрязево” темир жол станциясында массалык мушташ болуп, анын кесепетинен кыргызстандык жаран жаран жабыркаганы тууралуу маалымат  боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

Электросталь шаарынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, бул факт боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Жабыркаган Кыргыз Республикасынын жаранына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандырарлык абалда ал үйүнө чыгарылган.

Учурда тергөө иштери уланууда. Элчилик тарабынан Россиянын аталган аймагынын компетенттүү органдарына тиешелүү каттар жөнөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK