Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде мамлекеттик желек түшүрүлүп жана ушул жылдын 4-майына чейин көңүл айтуу китеби ачылды

2021-жылдын 1-2-майы Кыргыз Республикасында Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун курмандыгы болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү үчүн жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин имаратындагы мамлекеттик желек түшүрүлүп ушул жылдын 4-майына чейин көңүл айтуу китеби ачылды.

Учурдагы коронавирус пандемиясы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаалды, ошондой эле Түштүк Кореядагы социалдык аралык стандарттарынын сакталышын эске алуу менен, Корея Республикасында чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөр практикалагандай көңүл айтуу электрондук почта аркылуу дагы кабыл алынат.

Көңүл айтууну каалагандар ушул жылдын 4-майына чейин саат 10-00дөн 12-00гө чейин жана 14-00дөн 17-00гө чейин Кыргыз Республикасынын Элчилигине келе алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK