КРдин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолкер Түрк менен жолугушту

2023-жылдын 1-мартында Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин 52-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги бөлүгүндө катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолкер Түрк менен жолугушту.

Жолугушууда БУУнун Жогорку комиссары Кыргызстанды БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жаңы мүчөсү катары ишке кириши менен куттуктады.

Тараптар Кыргызстан менен БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын адам укуктарын илгерилетүү жана коргоо жаатында кызматташуусунун негизги маселелерин, ошондой эле адам укуктары боюнча конвенциялардын алкагында Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди аткарууну талкуулашты.

Жогорку комиссар Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоодо Кеңештин ролун жогорулатууга салым кошууга жана келишимдик органдардын ишин жана БУУнун атайын процедураларын жигердүү колдоого даярдыгын канааттануу менен белгиледи.

Жолугушууда Жогорку комиссар Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы айрым жагдайларды козгоп, алар боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү алды.

Жолугушуунун соңунда Тышкы иштер министрлигинин башчысы Жогорку комиссарды ыңгайлуу учурда Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK