Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилигинин атташеси У.Нуржан уулу Fermata Arts Foundation (АКШ) тарабынан уюштурулган “Дүйнөдөгү тынчтык” эл аралык долбооруна катышкан “Алтын түйүн” академиясынын окуучуларына сертификаттарды тапшырды

2021-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилигинин атташеси У.Нуржан уулу Fermata Arts Foundation (АКШ) тарабынан уюштурулган “Дүйнөдөгү тынчтык” эл аралык долбооруна катышкан “Алтын түйүн” академиясынын окуучуларына сертификаттарды тапшырды. Кыргызстандык 45 жаш сүрөтчүнүн сүрөттөрү Коннектикут, Массачусетс, Нью-Гэмпшир, Вермонт, Техас жана Арканзастагы 40тан ашуун коомдук китепканаларда жана мектептерде ар кандай иш-чаралардын алкагында көргөзмөлөргө коюлат.

Эл аралык “Дүйнөдөгү тынчтык” долбоору Fermata Arts Foundation 10 жылдыгына карата уюштурулуп, балдардын жана жаштардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн чыгармачыл дараметин жана мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө, “Алтын Түйүн” академиясынын директору Жаркын Базановна Бапановага тарбиялануучуларынын ушул долбоорго катышуусуна кошкон зор салымы жана балдар чыгармачылыктын, технологиянын, илимдин жана ойлоп табуулардын кызыктуу дүйнөсүн ачкан уникалдуу чыгармачыл мейкиндиги жаратуу шарттары үчүн Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин ыраазычылык каты тапшырылды.

РДИТА "Алтын түйүн" көркөм сүрөт студияларынын жетекчилери Дилбара Шадыбековна Солтобаева, Светлана Николаевна Штанько, Касиет Искендербековна Искендербекова жана Академиянын 45 жаш сүрөтчүлөрү Fermata Arts Foundation “Дүйнөдөгү тынчтык” эл аралык долбооруна катышкандыгы үчүн сертификаттар менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK