Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасыдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу өттү

Ушул жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасыдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эл аралык жана регионалдык күн тартибин талкуулашты, алдыда боло турган тышкы саясий иш-чараларды, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды, ошондой эле 2021-жылдын ноябрь айындагы өтө турган Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылын жабылыш аземи боюнча сааттарын тууралашты.

Маектештер кыргыз-россия мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK