Кыргыз Республикасынын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев жана Женевада иш-сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун федерациясынын Башкы катчысы Д.Чапаган менен жолугушту

2021-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев жана ушул тапта Женевада иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун Федерациясынын (ЭКККЖАФ) Башкы катчысы Д.Чапаган менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен ЭКККЖАФдын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу маселелерин, анын ичинде табигый кырсык коркунучун азайтууну, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты, саламаттык сактоону, миграцияны жана социалдык жардам чөйрөсүнө таасирин тийгизген өлкөдөгү уюштурулуп жаткан долбоордук иш-чараларды талкуулашты. Уюмдун мандатына кирген маселелердин Кыргызстан үчүн маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгилеп, Туруктуу өкүл А.Бейшеналиев Кыргызстан менен Федерациянын ортосунданы ар тараптуу кызматташууну чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи. Афганстандын Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын абалына байланыштуу маселеге токтолуп, Туруктуу өкүл уюмдан тийиштүү жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев Кыргызстандагы ЭКККЖАФдын ишмердүүлүгүн жогору баалады. Мындан тышкары, министр ушул жылдын апрель айында болгон жаңжалга байланыштуу кыргыз тарапка көрсөтүлгөн ыкчам гуманитардык жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди. ЭКККЖАФ тарабынан каралган долбоордук иш-чаралардын актуалдуулугун баса белгилеп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы,  ЭКККЖАФ аркылуу жабдууларды жана мүлктөрдү эксплуатациялык запастын, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар, качкындар жана жер которгон адамдар үчүн лагерлерди жана талаа ооруканаларын жайгаштыруу базасын түзүү жана жабдуу долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Өз кезегинде Башкы катчы Д.Чапаган ЭКККЖАФ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыгына канааттангандыгын билдирип, уюм өз ишинин алкагында Кыргызстанга ар тараптуу техникалык, эксперттик жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантууга даяр экендигин белгиледи. Мындан тышкары, ЭКККЖАФдын Башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап белгилеп кеткен эки тараптык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча конкреттүү сунуштарды кылдаттык менен карап чыгууга даяр экендигине ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK