Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинин пресс-релизи

2020-жылдын 23-июнунда, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Эрик Бейшембиев Пакистан Сенатынын Төрагасынын орун басары Салиим Мандвивалла менен жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын өнүктүрүү, иш сапарлары менен алмашуу жана "Пакистан-Кыргызстан" парламенттик достук топторунун ишин жандандыруу, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Бейшембиев Кыргыз-Пакистан мамилелерин терең тарыхый тамырларын баса белгилеп, ЕАЭБ жана ЕБ ЖПС+ программасын алкагындагы Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык, ошондой эле Пакистандан Борбор Азияга чейин кыска жолу аркылуу өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK