Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилигинин пресс-релизи

2020-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Т.Турганбаевдин Комор Аралдар Союзунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Абдаллах менен эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерди орнотуу маселеси боюнча жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дипломатиялык мамилелерди орнотуу максатында Кыргыз Республикасы менен Комор Аралдар Союзунун ортосунда Биргелешкен Коммюникеге кол коюга жана БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгы жөнүндө өз ара ниеттерин билдиришти. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK