Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту
2021-жылдын 29-июлунда Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашты. Айрыкча ушул жылдын 6-августунда Бишкек шаарында Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун төрагалыгы астында өтүүчү соода жана экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын өткөрүүгө көңүл бурушту.
Ошол эле учурда тараптар жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн ишкерлеринин B2B жемиштүү жолугушууларына көңүл буруп, жыйындын алкагында кыргыз-түрк бизнес форумун натыйжалуу өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.