Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев «Erdbeerhof Gebesee GmbH» компаниясынын Аткаруучу директору Андреа Лееферс менен жолугушту

2022-жылдын 15-ноябрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Германиянын Тюрингия Федералдык аймагында жайгашкан кулпунай жана спаржаны ɵстурʏʏ, чогултуу жана сатуу боюнча «Erdbeerhof Gebesee GmbH» компаниясынын Аткаруучу директору Андреа Лееферс менен жолугушту.

Бул компаниянын аткаруучу директору А.Лееферс 2023-жылы Кыргызстандан жумушчуларды сезондук жумушка тартууга өзүнүн компаниясы кызыкдар экенин билдирди.

Элчи Ө.Ч.Текебаев Германияда Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта ишке орноштуруу боюнча системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын аталган компанияга ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Маалымат: «Erdbeerhof Gebesee GmbH» - бул кулпунай жана спаржа өстүрүү, чогултуу жана сатуу боюнча адистешкен айыл чарба компаниясы болуп эсептелет. Компания жыл сайын жайында кулпунай жана спаржа чогултуу жана сатуу боюнча жумушчуларды ишке тартат. Сезондук жумуш апрелден июлга чейин созулат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK