Резиденциясы Анкара шаарында жайгашкан Кыргызстандын Израильдеги Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израильдин ТИМине караштуу (МАШАВ) Эл аралык кызматташтык борборунун башчысы, Элчи Эйнат Шлейн менен жолугушту

2022-жылдын 5-апрелинде резиденциясы Түркия Республикасынын Анкара шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Израиль Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израильдин Тышкы иштер министрлигине караштуу (МАШАВ) Эл аралык кызматташтык борборунун башчысы, Элчи Эйнат Шлейн менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар айыл чарба тармагында МАШАВ аркылуу конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, саламаттык сактоо жаатындагы тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн окуу курстарын уюштуруу, ошондой эле кыргыз тарап сунуш кылган башка долбоорлорду карап чыгуу боюнча макулдашууга жетишишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK