Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок менен жолугушту

2023-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Каракол жана Кечиөрен шаарларынын делегацияларынын өз ара иш сапарларын уюштурууну макулдашышты.

Ошондой эле, Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы боордош шаарлардын өнөктөштүгүнүн алкагында айрыкча мектептерди, бала бакчаларды жана ооруканаларды куруу боюнча биргелешкен социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Жолугушуунун соңунда Элчи Р.Казакбаев Т.Алтынокко кыргыз-түрк маданий кызматташтыгын чыңдоого көрсөткөн жигердүү жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK