Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Албания Республикасынын Элчиси Кастриот Робо менен жолугушту

2022-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев жакында резиденциясы Анкара шаарында жайгашуусу менен Кыргыз Республикасында аккредитациядан өтө турган Албания Республикасынын Элчиси Кастриот Робо менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу мамилелер жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Элчи К.Робо эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын айтып, кыргыз-албан мамилелеринин келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү жана өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK