Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушту

2022-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле кыргыз тарап эки өлкөнүн жарандарын ички паспорт (ID-карта) менен чек арадан өткөрүү боюнча сунуш киргизди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK