Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев «Пакистан-Евразия-өз ара байланыш: социалдык-экономикалык, академиялык жана укуктук кызматташуу жолунда» аттуу эл аралык конференциясына катышты

2021-жылдын 21-сентябрында, Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Пешавар шаарында болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Россия, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүн изилдөө борбору жана Пешавар университети тарабынан уюштурулган «Пакистан-Евразия-өз ара байланыш: социалдык-экономикалык, академиялык жана укуктук кызматташуу жолунда» аттуу эл аралык конференциясына катышты.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Беларусь Республикасынын Элчилери, ошондой эле Пакистандын эксперттик коомчулугу конференциянын ардактуу катышуучулары болушту.

Конференциянын негизги максаттары Евразия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тыгыз кызматташуусуна жана өз ара аракеттенүүсүнө көмөк көрсөтүү, аймактык соодага дем берүү, биргелешкен маданий жана билим берүү программаларын түзүү, инвесторлорго жардам берүү үчүн өлкөлөрдүн мыйзамдарын изилдөө, ошондой эле туризмди өнүктүрүү болгон.

Өз сөзүндө элчи У.Тотуяев Түштүк Азия региону Борбор Азия менен жалпы тарых жана маданият менен тыгыз байланышта экенин белгилеп, бүгүнкү күндө Кыргызстандын геостратегиялык абалы Борбор Азия менен Кытайдын кесилишинде тургандыгын баса белгиледи. Пакистанга өтүүчү Каракорум ашуусу аймактык соода-экономикалык кызматташуу жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда байланыштарды түзүү үчүн сонун мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Элчи ошондой эле Кыргыз Республикасы Евразия жана Түштүк Азиянын алкагында көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө толук колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары, конференциянын катышуучулары Ооганстандагы абалды аймактык коопсуздук маселелеринин контекстинде талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK